Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Трамп менен Дуда коргонуу тармагындагы келишим тууралуу макулдашты


Анджей Дуда коронавирус пандемиясы башталгандан бери АКШга барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду.
Анджей Дуда коронавирус пандемиясы башталгандан бери АКШга барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Польшанын президенти Анджей Дуда эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу тармагындагы келишимге жакын арада кол коюлат деп үмүттөнүп турушканын айтышты.

Келишим ишке кирсе, Кошмо Штаттар Польшага кошумча аскердик күчтөрдү жөнөтө алат. Президент Трамп мындай кадам "Орусия үчүн катуу эскертүү" болорун 24-июнда Вашингтондогу биргелешкен маалымат жыйында айтты.

Анджей Дуда коронавирус пандемиясы башталгандан бери АКШга барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. Ал Польшадагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүү аракети менен эки өлкөнүн мамилеси жаңы баскычка көтөрүлүп жатканын айтты.

Өткөн жумада АКШ Германиядагы күчтөрүнүн санын азайтууну пландап жатканы белгилүү болгон. Трамп ага чейин НАТО боюнча өнөктөштөрүн, анын ичинде Германияны коргонууга жетишсиз каражат бөлүп жатат деп бир нече жолу сындаган. Берлин Вашингтондун чечими Орусиянын Европадагы таасирин күчөтөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG