Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

COVID-19: Жээнбековдун анализи таза чыкты, вирус тастыкталган экөө үйдө дарыланууда


Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп барган учур. 23.06.2020
Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп барган учур. 23.06.2020

Москвага барып келген расмий делегациянын курамындагы эки адамдан коронавирус тастыкталды, президенттин анализи таза чыкты. Бул тууралуу 25-июнда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 24-июнда Москвадан келери менен баары тең кайрадан тест тапшырышты:

“Мамлекет башчынын анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков обочолонууну улантат жана ишин аралыктан жүргүзөт. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат”.

Делегациянын калган мүчөлөрүнүн жана аларды коштоп баргандардын кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Алар да обочолонуу шартында болууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы онлайн брифингде Москвадан кайткан экөө ооруканага жаткырылганын айткан:

“Диагнозу тастыкталган экөө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калгандарын обсервацияга алдык. Оорунун инкубациялык мөөнөтү 14 күн. Делегациянын мүчөлөрү үч күн обочолонууда болот. Клиникалык белгилерине карап, кайра анализ тапшырат. Таза болсо, жумушка чыгат”.

“Азаттык” маалыматты тактоо үчүн президенттик аппаратка кайрылып, Сыдыков жана күзөт офицери ооруканада эмес, үй шартында дарыланып жатышканын билди.

23-июнда президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Орусиянын борбору Москвага Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык парадга катышуу үчүн барган. Бирок делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, мамлекет башчысы майрамдык иш-чараларга катышпай калган. (RK)

XS
SM
MD
LG