Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Төрага Жумабеков: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам айрыкча оппозицияга керек


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясы 25-июндагы отурумунда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү.

Долбоорду талкуулоо учурунда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору ар бир адамга, айрыкча оппозициядагыларга өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи:

“Бул мыйзам долбоору ар бир адам маалымат айдыңында өзүнүн намысын коргоп алуусун камсыздайт, алдыда дагы боло турган көп башаламандыктардын алдын алат. Интернетте троллдорду, фейктерди ачып алып, бир адамга жалаа жаап, караласа, ал өз укугун коргошу керек да. Бул айрыкча оппозициялык маанайда жүргөн мекендештерге өтө керектүү мыйзам. Актанганга толук мүмкүнчүлүк берип жатат”, - деди Дастан Жумабеков.

Спикердин пикири бир катар депутаттардын кескин сынына кабылды. Депутат Дастан Бекешев төраганы “сөз эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун колдогон “лекциясы” үчүн “ыраазычылык” билдирди.

Мыйзамга каршы чыккан депутаттардын бири Жанар Акаев талкуу учурунда сөз эркиндигине азыркы парламенттин тиешеси жок экендигин белгиледи:

"Ошондо силердин көпчүлүгүңөр үйүңөрдө арак ичип, чучук жеп, кул жумшап отургансыңар. Силердин бүгүнкү сөз эркиндигине кымындай да эмгегиңер жок. Эл өзү көчөгө чыгып жүрүп алып келген, сөз эркиндигин. Азыр эл унчукпай отурганда, силер да жөн эле отурсаңар болмок. Бул мыйзам иштебейт, кабыл алынган күндө да иштебейт”.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Мыйзам долбооруна каршы активисттер 25-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG