Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Бишкектин Гинекологиялык ооруканасынын акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү жабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Гинекологиялык оорукана коронавируска байланыштуу жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 25-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, оорукананын акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү азырынча жабылууда, аялдарга ыкчам гинекологиялык жардам берүү жагы күчтөндүрүлүп жатат:

“Жабылган жок. Сизге туура эмес маалымат беришкен. Ал ооруканада мамлекетке акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү бар. Ошол бөлүм гана жабылып жатат. Бир да оорукана жабылбайт”.

Буга чейин айрым маалымат булактары борбор калаанын Гинекологиялык ооруканасында коронавируска чалдыккан бир бейтап келинден вирус төрт дарыгерге жана төрт медайымга жуккандыктан бул мекеме карантинге жабылып жатканын жазып чыгышкан.

Асылбашева бул маалыматты четке какты.

Соңку бир сутка ичинде коронавирустан Кыргызстанда дагы бир адам каза болуп, бул көрсөткүч 43кө жетти. Жаңы катталгандар – 228 адам.

Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 2112 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG