Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Париждеги Эйфел мунарасына көрүүчүлөр киргизиле баштады


Коронавирус пандемиясынан улам март айынын ортосунда жабылган Франциянын баш калаасындагы Эйфел мунарасы 25-июндан тартып көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды. Мунаранын администрациясы конокторго убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, көрүүчүлөрдүн баары беткап кийип, бири-бири менен аралыкты сакташы керек. Жогору жакка жөө гана көтөрүлүүгө болот жана бул бери дегенде 30 мүнөт убакытты талап кылат.

Алдын ала маалымат боюнча лифттер 1-июлдан тартып иштей баштайт. Мунаранын экинчи кабатындагы ресторан 30-июнда ачылып, келген-кеткендердин санына убактылуу чектөө киргизилет.

Француз жергиликтүү басылмалары Эйфел мунарасы жабык турган маалда ай сайын тогуз миллион евро кирешеден куржалак калып жатканын жазышкан.

Аталган өлкөдө коронавирусту 160 миңден ашык адам жуктуруп алды, өпкөнү сезгенткен илдет 30 миңге чукул бейтаптын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG