Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Министрлик: Кыргызстанга кетчүлөрдүн тизмесине кошууну убада кылган шылуундар пайда болду


Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 28-апрель, 2020-жыл.

Орусиядан Кыргызстанга кете албай жүргөн мигранттар жана студенттердин ишеничине кирип, “элчиликте тууганым, жакыным иштейт” деп алдап, акчасын алган адамдар пайда болгонун Тышкы иштер министрлиги эскертүүдө. Министрликтин Орусиядагы элчиликке таянып тараткан маалыматына караганда, учурда белгисиз жаран алдамчылык менен үч кишинин 54 миң рубль акчасын алып койгону белгилүү болду. Ошондой эле мигранттар айрым диаспоралык уюмдар өздөрүнө бөлүнгөн квоталык орундар үчүн ортомчулук кылганына акча талап кылганы тууралуу да дооматтарды айтышкан.

Маалыматка караганда, жарандарды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тизмеге киргизүүдө коррупциялык схемалар бардыгы тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарагандыгына байланыштуу Москвадагы элчиликтин алдында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия бул маселе боюнча бардык кайрылуулардын жана даттанууларды иликтейт. Мындан тышкары элчиликтин ар бир кызматтык кеңсесинде жана аймагында үн жаздыруучу видеокамералар күнү-түнү иштейт.

Мындай коррупциялык иш менен алектенгендер Кыргызстандын жана Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылышат. Жарандарды мекенине кайтаруу үчүн тизмеге киргизүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт. Ал үчүн жарандар элчиликке өзү тууралуу документтерди, оору тууралуу медициналык маалымдама, кош бойлуу учурдагы УЗИнин корутундусунун, жаш балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү менен арызын жазып кайрылышы керек. Андан кийин тизмеге киргизилген кезегин күтөт.

Москвадагы элчиликке ушул тапта Орусиядан Кыргызстанга кайтууну көздөп, жети миңден ашуун киши кайрылган. Мындан тышкары Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган төрт миңдей кыргызстандык студенттер да Мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат.

Учурда “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” багыттары боюнча бир жумада эки ирет авиакаттам жүргүзүү пландалган. Орусиянын башка аймактарынан да чартердик аба каттамдарын уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү Санкт-Петербург шаарынан Бишкекке учак каттамы уюштурулмакчы.

Пандемия жарыялангандан бери, 20-марттан 21-июнга чейин Орусиядан Кыргызстанга 51 чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен кыргызстандыктар мекенине кайтарылган. 25-июнга карата Орусиядан жалпы 10 904 жаран Кыргызстанга алып келинген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG