Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Парламенттин регламентине ылайык, добуш берүү бүгүн – бейшемби күнү жалдпы жыйындын акырында болушу керек.
Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
Мыйзам долбооруна каршы активисттер 25-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү.
«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.