Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Өкмөт: Өзгөчө абалда иштеген күч кызматкерлерине кошумча акы төлөнөт


Өзгөчө абал учурунда Ошто иштеп жаткан милиция кызматкери. Апрель, 2020-жыл.
Өзгөчө абал учурунда Ошто иштеп жаткан милиция кызматкери. Апрель, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал учурунда иштеген аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүк аппарат 25-июнда маалымдады.

Чечим өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрдагы өзгөчө абалдын шарттарында иштеген аскер кызматчыларына кошумча кепилдиктер жана компенсация төлөп берүү тууралуу токтомунун негизинде кабыл алынды.

Өзгөчө абал учурунда иштеген күч кызматкерлеринин айлык-акысына кошумча акы катары бюджеттен 446 миллион сом төлөнөрүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 16-июнда Жогорку Кеңеште билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын шарттарында иштеген аскер жана милиция кызматкерлеринин так саны тууралуу маалымат таратыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG