Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Улуттук гвардияда ант берүү салтанаты өттү


Ант берүү учуру. 25.06.2020

25-июнда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү.

Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлагандай, үч жума ичинде алар офицерлердин жана старшиналардын жетекчилиги менен жаш жоокерлердин курсунан күчөтүлгөн даярдыктан өтүштү. Жаңы шарттарга, күн тартибине көнүгүп, алдыда аскердик милдеттерди аткарууга даярданып, жалпы аскердик уставды окушту жана тактикалык, саптык, дене-тарбия даярдыктан өтүштү.

Ант берүү аземинде 75 жоокер аскердик милдетин татыктуу аткарып, өз элин сактоого жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого ант беришти.

Улуттук гвардияда кызмат өтөө - уландар үчүн сыймык жана чоң жоопкерчилик. Куралдуу Күчтөрдүн бул элиталык кошуунунун катарына бардыгы эле кабыл алына бербейт. Ал үчүн моралдык-психологиялык жана дене-тарбия даярдыгы талаптарга төп келүүсү зарыл.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG