Жогорку Кеңеш 24-июндагы отурумунда “ВИЧ/СПИД тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.
Мыйзамдын демилгечилери - Дастан Бекешев менен Бактыбек Турусбеков. Өзгөртүүгө ылайык, өкмөт ВИЧ-инфекциясын ооруканадан жуктуруп алган балдардын ата-энелерине кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болот. Өкмөт мыйзам долбоорун колдоого алган, бирок корутундуда кенемтелер 2022-жылдын 1-январынан тарта төлөнөрү белгилеген.
Дастан Бекешевдин “Азаттык” оадиосуна билдиргени боюнча, мыйзамга ылайык ВИЧ-инфекциясын ооруканадан жуктурган балдардын ата-энелерине бир жолу 100 миң сомдон кем эмес кенемте төлөнүүгө тийиш. Бул үчүн кеминде 38 млн. сом керек. Депутат бул каражатты президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңеш төрагасынын фонддорунан жана Кесиптик кошуундардын фондунан алса болорун айтууда.
2018-жылга карата Кыргызстанда 14 жашка чейинки 632 бала ВИЧ- инфекциясына чалдыккан. 381 балага илдет ооруканадан жуккан. Бүгүнкү күнгө чейин 45 бала оорудан көз жумган. 27 баланы ата-энеси Кыргызстандан алып чыгып кеткен. Учурда диспансердик каттоодо 309 бала турат. (ZKo)