Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Казакстанда саламаттык сактоо министри алмашты


Премьер-министр Аскар Мамин менен саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Алексей Цой.
Премьер-министр Аскар Мамин менен саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Алексей Цой.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алексей Цой саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир буйругу менен 2017-жылдан бери саламаттык сактоо министри болуп иштеп жаткан Елжан Биртанов кызматтан алынды. Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби ачык айтылган жок.

Биртановго мындан он күндөй мурун коронавирус жукканы белгилүү болгон, кийинчерек анын өпкөсү сезгенгени маалымдалган. Ага чейин Казакстанда коронавируска байланыштуу жагдай тууралуу расмий маалыматтарды Биртанов берип келген. Казак коомчулугунда соңку кырдаалга байланыштуу саламаттык сактоо тармагынын жетекчилигине бир катар доомат айтылган.

Алексей Цой саламаттык сактоо министринин орун басары болуп 2017-2019-жылдары иштеген. Азыркы кызматка дайындалганга чейин, мындан үч күн мурда саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган, ага чейин президенттин иш башкармалыгына караштуу медициналык борборду башкарып турган.

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1,5 миңге чукул адамдан аныкталды. Ошентип бул ооруну жуктуруп алгандар саны 32 миң кишиге жетип калды. Бул илдеттен 136 бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG