Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Депутат Маматалиев "118" түз байланышы иштебей жатат деп сынга алды


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сырттан келген акчанын көпчүлүгү Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөнүнө карабай, айрым уюштуруу иштеринде алешемдиктер болуп жатканын сындады. Ал 25-июндагы сессия учурунда "118" номуруна чалып, ала албай койгонун айтты.

“Акчаны алып эле жатасыңар, бирок жыйынтык чыкпай эле күндөн-күнгө күчөп атат. Жөнөкөй эле уюштуруу маселеси, мына сиздин көзүңүзчө "118" номуруна чалып атам. Албайт, жооп бербейт. "103кө" чалсаң, алар келбейт. Ушундай маселелерди чечип койсоңор. Акча жок болсо бир жөн”, - деди депутат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "118" кызматы күнү-түнү иштөөгө өткөнүн жана төрт линиядан онго көбөйтүлгөнүн маалымдады. Каратаев уюштуруу иштеринде кемчиликтер болуп жатканын моюнга алды.

Бир аптадан бери социалдык тармактарда дене табы көтөрүлгөн жарандар "118" кызматына чалып, байланыша албай жатканын жазып жатышат. Өкмөт коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн "118" ыкчам маалымат берүү кызматы донорлордун эсебинен уюштурулганын, ага кайрылгандар кескин өскөнүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG