Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сот 1-июлга жылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-октябрь, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-октябрь, 2019-жыл.

25-июнда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум 1-июлга жылды. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты. 28-майдагы отурумда дагы ушундай эле жүйө менен сот дээрлик бир айга жылдырылган.

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Ушул тушта Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатат.

Эки саясатчы 2017-жылы коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG