Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

БШК жыйын өтөөр алдында коронавирус тууралуу маалымат таратты


Президенттик шайлоо учурунда. 15-октябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн сегизи ПЧР анализ тапшырып, бардыгы таза чыкты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы 26-июнда өтө турган жыйындын алдында кабарлады.

Маалыматка караганда мурдараак вирус аныкталган бир кызматкер обочолонгон. Апта башында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов коронавируска чалдыкканы маалымдалган.

Бүгүн, 26-июнда БШКнын курамы коронавируска каршы ыкчам штабдын өкүлдөрү менен чогуу Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоо маселесин талкуулайт. Алдын ала маалыматтарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн убактысын жылдыруу да талкууланаары айтылууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку жана жергиликтүү кенештерге шайлоону чогуу өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу шайлоолорду жылдыруу маселеси да коомчулукта талкууланып жатат.

Өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө убактылуу жылдырылган.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү керек.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG