Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

“Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шек саналып кармалды


"Тазалыктын" кызматкерлери майрамдан кийинки Ала-Тоо аянтын тазалап жатышат. Бишкек. 1-январь, 2020-жыл.
"Тазалыктын" кызматкерлери майрамдан кийинки Ала-Тоо аянтын тазалап жатышат. Бишкек. 1-январь, 2020-жыл.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси (Т. К.) ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасын 2018 - 2019-жылдары Талантбек Казакбаев башкарып турган. 2019-жылдын октябрь айынан баштап ушул эле ишкананын орун басары болуп иштеп келген.

Маалыматта: “2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок, Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бирге Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон” деп жазылган.

УКМК “Тазалык” ишканасына Бишкектин аймагындагы иштерге коротуу үчүн берилген 30 530 литр күйүүчү майдын талондору 2019-жылы Чүй жана Талас областынын аймагында коротулганын аныктаган.

Эсеп палатасы “Тазалыктын” Бишкектен тышкары коротулган күйүүчү май талондорунун жалпы суммасы 1 066 100 сомду түзөрүн эсептеген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК быйыл 8-февралда ушул эле берененин негизинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтерин (А.О.), операторлорун (А.М., Б.Н) кармаган.

Анын алдында эле Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров «Тазалык» ишканасынын “аппаратынын кызматкерлери көп айлык алат» деп сындаган.

Кылмышка шектелип жаткандар жана алардын тарапкерлери коюлуп жаткан айыптарга комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG