Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

COVID-19: Өпкөсү сезгенген бейтаптарды эми Курортология институту да кабыл ала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда анализинен коронавирус табылбаган, бирок клиникалык белгилери боюнча окшош дартка чалдыккандар үчүн кошумча орундар ачылууда. 26-июндан тартып Чүйдүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 300дөн ашуун орун ачылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Мындан тышкары, Каратаевдин айтымында, Бишкектеги №1 оорукананын бир корпусу пневмония болуп ооруп жаткандарды кабыл алууга даярдалып жатат.

Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту, 43 адам каза болду.

Соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүү жагында баратат. Өкмөт абал айрыкча Бишкекте оор экенин белгилөөдө.

Оорунун белгилери коронавируска окшогон, бирок анализи таза чыгып жаткандар көп экени, ошондуктан аларды COVID-19га ылайыкташкан ооруканалар албай жатканын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат. Медицина өкүлдөрү да бул маалыматты тастыктоодо.

Бишкекте коронавируска чалдыккандар алгач инфекциялык ооруканага жаткырылып жаткан, ал жакта орун жетишпегендиктен жана өпкөсү сезгенгендер көп болуп жаткандыктан, бейтаптар Фтизиатриялык борбордо, 6-ооруканада, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ооруканасында даярдалган өзүнчө орундарга жана Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG