Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:58

COVID-19: Бейтаптардын сакайып кетүү көрсөткүчү күндөн-күнгө начарлоодо


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын сакайып кетүүсү боюнча көрсөткүч күндөн-күнгө начарлоодо.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 26-июнда айыккандардын оору жуккандардын жалпы санына карата көрсөткүч деңгээли 51,4% болуп турат.

Үч күн мурда 58,3%, ал эми беш күн мурда 63,8% болчу.

Ошол эле учурда оору жуккандардын саны көбөйүүдө.

Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162 бейтап айыгып кетти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG