Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ошто футболчудан, мэриянын жооптуу кызматкеринен COVID-19 аныкталды


Карантинден кийинки Ош шаары. Июнь, 2020-жыл.
Карантинден кийинки Ош шаары. Июнь, 2020-жыл.

Ошто “Алай” футбол клубунун оюнчусунан, мэриянын жооптуу кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, вируска чалдыккан кызматкер коронавирус илдетине каршы штабда активдүү иштеп келген.

“Вируска чалдыккан кызматкерибиз коронавирус өлкөдө катталгандан бери обсервацияга алуу, жарандарды тосуп алып, обочолоо жана башка жагына жооп берип иштеген. Андан вирус аныкталганына байланыштуу, аны менен тыгыз иштешкен бардык кызматкерлер ПЦР анализ тапшырдык. Учурда жыйынтыгын күтүп жатабыз. Аппараттагы башка жумушчулар үйлөрүнөн иштей баштады. Кеңсеге саналуу гана кызматкерлер бири-бири менен байланышсыз келип, иштеп жатабыз”.

26-июнга карата Ош шаарынан 47 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ош шаарында жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 500 адамга жетти. Шаардын жети тургуну илдетке кабылгандан кийин көз жумган.

Кыргызстанда 26-июнга карата коронавируска чалдыккан 250 бейтап катталды. Бул өлкөдө пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болууда. Ушуну менен жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 4204 кишиге жетти. 2162 адам оорудан сакайып чыкты. Илдеттен 43 адам көз жумду. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG