Бир катар жарандык активисттер 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды кабыл алууда мыйзам бузулганын айтып чыгышты. Алар мындай мазмундагы ачык кайрылууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге жолдошту.
Кайрылууда "Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, депутаттарга добушун башкага берүүгө тыюу салынат. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 25-июнда “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алып жатып, отурумга катышпаган депутаттардын атынан кнопканы басып жатышты” деп жазылган.
Мыйзам бузууларды мисалдар менен негиздеген кайрылууга кол койгон активисттердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул аракеттер төраганын, орун басарынын көзүнчө жасалганын “Азаттыкка” минтип баса белгиледи:
“Залда депутат Улук Кыдыралиев отурумга катышпаган депутаттардын кнопкаларын басып, алардын атынан добуш берип жүргөнүн спикер Жумабеков менен анын орун басары Касымалиева көрүп, күлүп отурушту. Тыйып, токтотуп коюунун ордуна унчукпай күлүп отурушту. Мындан тышкары залда депутаттардын көпчүлүгү жок болду, кворум болбосо, мыйзам долбоорлору добуш берүүгө коюлбашы керек болчу. Ошондуктан, биз “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамына регламент бузуу менен, мыйзамсыз добуш берилди деп эсептейбиз”.
Кайрылуу ээлери буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 25-июндагы отуруму мыйзамсыз деп саналууга тийиштигин, анда кабыл алынган чечимдер укуктук күчү жок деп табылышын, бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталуусун, буга жол берген парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду жана башкалар үчүн добуш берген депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүшкөн.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
Мыйзам долбооруна каршы активисттер 25-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Алар демилгечи депутаттарды мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылды.
«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.
«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Мыйзам демилгечилери мындай айыптоолорду четке каккан. (ZKo)