Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Трамп АКШнын экономикасы эмдиги жылы күчтөнөрүн айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясынан катуу жабыркаган экономика кайра жанданып, жумушчу орундар көбөйө баштаганын белгилөө үчүн 25-июнда Висконсин штатында кеме курган заводдо болду.

Италиялык "Fincantieri Marinette Marin" заводу апрель айында АКШнын Деңиз-аскер күчтөрүнө жаңы кемелерди куруу боюнча 5,5 миллиард долларлык келишимге кол койгон.

Трамп бул заводду "укмуштуудай жай" деп атады жана анын жумушчулары сыймыктанышы керектигин билдирди. Ал Кошмо Штаттарынын экономикасы "коронавирус пандемиясына чейинки абалына кайтып келет, эмдиги жыл эң маанилүү жыл болот" деп ишендирди.

Трамптын бул иш сапары анын үч айлык тыныгуудан кийинки шайлоо өнөктүгү жанданган маалга туш келди.

Трамп Висконсин штатында 2016-жылдагы шайлоодо араң жеңген. Бир катар байкоочулар анын кайра президенттик кызматка шайланышы үчүн бул штаттагы жеңиши маанилүү болорун белгилешет.

Алдын ала сурамжылоого ылайык, Висконсинде демократтардан талапкер Жо Байдендин рейтинги жогору.

Байден шайлоо өнөктүгүнүн алкагында 25-июнда Пенсильванияда болуп, алдыда "эч кандай керемет болбосун" айткан. Трамптын коронавируска каршы чараларын сынга алды.

АКШда COVID-19ду жугузуп алгандардын саны 2,5 миллион адамга чукулдап калды.

XS
SM
MD
LG