Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүн сел каптады


Нөшөрдөн улам Чыгыш Европадагы бир катар дарыялар өз нугунан чыгып кетти.
Нөшөрдөн улам Чыгыш Европадагы бир катар дарыялар өз нугунан чыгып кетти.

Соңку күндөрү тынбай жааган нөшөрдөн улам, Чыгыш Европадагы бир катар дарыялар өз нугунан чыгып, Сербия, Босния жана Герцоговина, Украина, Румыния мамлекеттеринин бир нече облустарын сел каптады.

Украинанын батышындагы бир нече облус суу алдында калды. 180дей айыл-кыштактын эли коопсуз жайларга көчүрүлдү. Үч киши көз жумду.

Румыния аймагынын төрттөн үч бөлүгүндө сел жүрдү. Табият кырсыгынан үч киши ажал таап, бир нечеси дайынсыз жоголду. Жергиликтүү тургундар шашылыш коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Сербиянын жыйырмадай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Кырсык айыл чарба тармагына эбегейсиз зыян келтиргенин дыйкандар белгилешти.

Синоптиктер Молдова, Словакия жана Венгрияда дагы сел капташы мүмкүн экенин эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG