Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

БШК Республикалык штаб менен шайлоо мөөнөтүн талкуулап жатат


Президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2017-жыл.
Президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2017-жыл.

Бүгүн, 26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы коронавируска каршы ыкчам штабынын өкүлдөрү менен чогуу парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтүн талкуулап жатат.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, талкуунун өзөгүн пандемия кырдаалындагы шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо маселеси түзүүдө.

Мурдараак БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өкмөткө кайрылып, күзүндөгү шайлоону коопсуз өткөрүүгө даярдыгын сураган. Өкмөт шайлоону коопсуз өткөрүүнүн жолдорун издей турганын билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам жарыялаган өзөчө кырдаалга байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эки шайлоону чогуу өткөрүүнү сунушташкан.

Жыйынга БШК мүчөлөрүнүн ичинен Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов жана Акылбек Эшимов онлайн катышууда. 25-июнда БШКнын бир кызматкеринен коронавирус аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG