Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

Сот Кирилл Серебренниковду күнөөлүү деп тапты


Кирилл Серебренников.
Кирилл Серебренников.

Москва шаарынын Мещанский райондук соту 26-июнда "Гоголь борборунун" көркөм жетекчиси Кирилл Серебренниковду күнөөлүү деп тапты. Ага кандай жаза берилери азырынча белгисиз, сот жараяны уланып жатат. Серебренниковго "ири суммадагы акчаны кымырып алган" деген айып коюлган.

Тергөө материалдарында 50 жаштагы режиссер менен анын эки өнөктөшүнө 2011-2014-жылдары «Жетинчи студия» өкмөттүк эмес уюмуна берилген «мамлекеттик каражаттын 133 миллион рублун (2 миллион доллар) кымырып алган» деп жазылган. Бул студияны негиздеген Серебренников мындай дооматтарды четке кагып келет.

Апрелде сот Серебренников менен анын өнөктөштөрүн үй камагынан бошоткон. Алар былтыр август айында кармалгандан бери үй камагында болчу. Орусиядагы жана ондогон башка өлкөлөрдөгү маданият өкүлдөрү президент Владимир Путиндин өкмөтү менен пикири келишпеген режиссерду бошотууну талап кылып, буга чейин бир нече жолу акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG