Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

CPJ уюму Жээнбековду Интернетти чектеген мыйзамды колдобоого чакырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

“Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) эл аралык уюму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Уюмдун расмий сайтына жарыяланган кайрылууда бул мыйзам өлкөдө сөз эркиндигин олуттуу чектөөгө алып келери айтылды.

Кайрылууда эгер ал кабыл алынса бийлик өзү так эмес же жалган деп эсептеген маалыматты жарыялаган сайттарды соттун чечимисиз жабууга укуктуу болору, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын да тосмолой алары белгиленди. Интернет-провайдерлер каалаган колдонуучунун сүрөт, аудио же видеосун алты айга чейин сактап, мамлекеттик органдар сураса, аларга өткөрүп бериши керек болору да мисал катары келтирилди.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми ал документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына да туш болду.

Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айтып жатат.

Committee to Protect Journalists (CPJ) – 1981-жылы журналисттердин укугун коргоо максатында түзүлгөн эл аралык уюм. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм дүйнө жүзү боюнча куугунтукка кабылган, өлтүрүлгөн журналисттер тууралуу маалыматты топтоо менен алектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG