Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

27-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

27-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз маал-маалы менен жаан-жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 23…25 градус болот.

XS
SM
MD
LG