“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Гүлшат Асылбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, туура маалымат берүүгө чакырды.
Кайрылууда “Мыйзам долбоорунда интернет-провайдерлер пайдалануучулардын маалыматын сактоого тийиш” деген талап жок деп, ал ишкерлерге оорчулук келбесин деген максатта алынып салынганын белгилеген. Ошондой эле "мамлекеттик органдар сот чечимисиз сайттарды жана баракчаларды жаба алат” деген да норма жок экенин, "долбоордун концепциясын түзгөндө медиа эксперттердин эскертүүлөрү эске алынганын" жазган.
“Ар бир жаран өзүнүн намысын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу жана сотко чейин өз ара келишүү жолу менен маселени чечишип алууга акысы бар. Мыйзамда кылмыш жана административдик жоопкерчилик жок, атүгүл айып пул салуу каралган эмес. Мыйзамдын 5-беренесинде жаран аты-жөнүн жана электрондук дарегин гана көрсөтүшү керектиги жазылган. Бул мыйзам сөз эркиндигин чектебейт, максаты – Интернет пайдалануучулардын укуктук мамилесин гана тескейт”.
Асылбаева мыйзам белгисиз атка жамынып, жеке адамды жамандаган “беткапчандарга” каршы экенин белгилеген.
«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөн деген аныктамасын берген. Муну авторлор төгүндөгөн.
Жогорку Кеңеш жаңы кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды эл аралык жана жергиликтүү коомчулук "Кыргызстан жетишкен демократиялык баалуулуктарды жокко чыгарчу мыйзам" катары кескин сындап жатат.
Жогорку Кенештин айрым депутаттары бул мыйзамды каршылаштарын куугунтуктоочу бийликтин куралы, чындыкты айткандарга, сөз эркиндигине сокку болот деп, мыйзамды артка кайтарып алууга авторлорду чакырышкан.
Мыйзам талкууланып жатканда парламент имаратынын алдында каршылардын митинги, ага чейин онлайн акциялар уюштурулган.
26-июнда жарандык активисттер Жогорку Кеңештин аталган мыйзамды кабыл алган отуруму одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп, чара көрүүнү сурап УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевге ачык кайрылуу жолдоду. Ошондой эле коомчулукта президент Сооронбай Жээнбековду мыйзамга вето коюуга чакырган акция өтүп жатат.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы отурумунда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды 79 депутат колдоп, он депутат каршы добуш беришти.
Эми бул мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (ZKo)