Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Кирилл Серебренников үч жылга шартуу кесилди


Кирилл Серебренников.
Кирилл Серебренников.

Москва шаарынын Мещанский райондук соту 26-июнда "Гоголь борборунун" көркөм жетекчиси Кирилл Серебренниковду күнөөлүү деп тапты.

Сот аны үч жылга шарттуу эркинен ажыратып, 800 миң рубль айып салды. Ошондой эле режиссерго маданий жайларды башкарууга тыюу салынды.

Прокурорлор сотто аны алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Серебренниковго "ири суммадагы акчаны кымырып алган" деп айып коюлган. Тергөө материалдарында 50 жаштагы режиссерго менен анын эки өнөктөшүнө 2011-2014-жылдар аралыгында «Жетинчи студия» өкмөттүк эмес уюмуна берилген «мамлекеттик каражаттын 133 миллион рублин (2 миллион доллар) кымырып» алган деп айтылган.

"Жетинчи студияны" негиздеген Серебренников мындай дооматтарды четке кагып келет.

Апрелде сот Серебренников менен анын өнөктөштөрүн үй камагынан бошоткон.

Алар былтыр август айында кармалгандан бери үй камагында болчу. Орусиядагы жана ондогон башка өлкөлөрдөгү маданият өкүлдөрү президент Владимир Путиндин өкмөтү менен пикири келишпеген режиссердун бошотууну талап кылып, буга чейин бир нече жолу акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG