Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Бишкекке Санкт-Петербургдан 554 адам учуп келди


Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 28-апрель, 2020-жыл.

«Санкт-Петербург - Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамды «Аэрофлот» авиакомпаниясы жүргүзгөн. 26-июнда Бишкекке жеткирилген 554 адамдын ичинде эки жашка чейинки курактагы 41 наристе бар.

Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдары, кыргызстандык студенттер жана Санкт-Петербург шаарындагы консулдуктун кызматкерлеринен турган комииссия түзгөн.

Каттамга кош бойлуу жана балалуу аялдар, студенттер, Орусияга ден соолугуна байланыштуу баргандар, оорулуу жана улгайган адамдар, мекенине кайтууга маанилүү себеби бар адамдар тандалып алынган.

Келгендердин баары тиешелүү медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Учурда Тышкы иштер министрлигинин аракети менен чет мамлекеттерде мекенине кайта албай жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу иштери улантылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда ушуну менен пандемия жарыялангандан бери Орусиядан Кыргызстанга 52 чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен кыргызстандыктар мекенине кайтарылган.

27-июнга карата Орусиядан жалпы 11,5 миңден ашуун адам Кыргызстанга алып келинген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG