Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

COVID-19: Акыркы суткада 309 учур катталды, ооруканаларда орун тартыш болууда


27-июнга карата Кыргызстанда 309 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул пандемия жарыялангандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ооруга чалдыккандардын көптүгү жагынан Бишкек алдыда, андан кийин Ош шаары экенин маалымдады.

Бишкек - 118

Чүй облусунда - 23

Ош шаарында - 94

Ош облусунда – 39

Нарын облусунда - 19

Ысык Көл облусунда - 5

Талас облусунда - 3

Баткен облусунда – 3

Мадамин Каратаев ооругандардын саны күн санап өсүп жаткандыктан ооруканалар толуп калганын белгиледи.

Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны жалпы 4513 адамга жетти.

Акыркы суткада 50 бейтап айыгып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 5, Ош шаарында -3, Ош облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда -3 адам сакайып, үйүнө чыгарылды. Пандемия башталгандан бери оорудан сакайгандардын саны 2212 адам.

27-июнга карата коронавирус жуктуруп алган үч киши каза тапты. Оорудан каза тапкандардын саны ушуну менен 46 адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG