Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Акыркы суткада 43 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган


Коронавирус жуктурган адамдын өпкөсүн алмаштыруу учуру. Чикаго, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирус жуктурган адамдын өпкөсүн алмаштыруу учуру. Чикаго, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

27-июнга карата 43 медициналык кызматкер коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды.

Бүгүн, 27-июнда брифингде берилген маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан.


• Бишкек шаарында – 19
• Чүй облусунда – 7
• Ош шаарында – 7
• Ош облусунда – 3
• Нарын облусунда – 2
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 4

Ал эми акыркы суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпы өлкөдө COVID-19 илдетине 712 медициналык кызматкер чалдыккан. 414 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыккан.

Эки дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумган.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен иш учурунда коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом кенемте төлөнүп берилет. Ал эми илдеттен көз жумган медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG