Черногориянын бийлиги "өлкө коронавирустан арылды" деп жарыялагандан бир ай өтпөй, кайрадан карантин киргизүүгө аргасыз болду.
Ачык жерде спорт оюндарын, саясий акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды.
Бийлик бул кадамы менен коронавирус жугузуп алгандардын санын азайтууга аракеттенүүдө. Өлкөдө акыркы он күндө коронавирус илдетин жуктуруп алган жүздөн ашуун адам катталды.
Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккан 420 адам катталган. Тогуз адам оорудан көз жумган.
Коңшулаш Сербияда да абал ушундай. Акыркы суткаларда коронавируска чалдыккандардын саны өскөндүктөн, серб бийлиги бир нече оорукананы жалаң вируска чалдыккандарды дарылоочу жайга айлантты.
Хорватия Сербиядан жана башка балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эки жумалык карантин жандантыларын мурдараак кабарлаган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус эпидемиясы кайра күчөшү ыктымалдыгын маалымдаган. Анын ичинде Борбор Азиядан тартып, Батыш Европага чейинки жети аймак, 54 өлкө камтылган.
Коронавирус күч алган өлкөлөрдүн ичинде Швеция, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Украина бар. Бул аймактарда күнүнө 20 миңге чейинки адам коронавируска чалдыкса, 700гө чукул киши оорудан көз жумууда.