Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана дагы сегиз кызматкер коронавируска чалдыкканы 27-июнда аныкталды.
Бул тууралуу Досалы Эсеналиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Анда президенттик аппараттын башчысы кызматкерлердин басымдуу бөлүгү алыстан иштөө режимине өтүшкөнүн, өзү үйдөн иштеп жатканын жазган.
26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырган. Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17ге жетти.
Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калган. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Мамлекет башчыныкы таза чыкканы маалымдалган. (ZKo)