Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:29

АКШда орусиялык хакер тогуз жылга соттолду


Алексей Бурков. 3-ноябрь, 2019-жыл.
Алексей Бурков. 3-ноябрь, 2019-жыл.

АКШ соту киберкылмыш үчүн айыпталган орусиялык хакер Алексей Бурковду тогуз жылга эркинен ажыратты. Айыптоочу тарап аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Бурков өзүнө тагылган айыптын айрымдарын – кредиттик картанын ээлеринин маалыматын жана андан акча уурдаганын мойнуна алган. Аягында хакерден башка айыптары алынган.

Программист Алексей Бурков 2015-жылы Вашингтондун суроосу менен Тель-Авив аэропортунда кармалган. 2019-жылы ноябрда ал Орусиянын каршылыгына карабай, АКШга экстрадицияланган. Москва Тель-Авивге хакерди израилдик маңзат аткезчилиги үчүн айыпталып, 7,5 жылга кесилген Наам Иссахарга алмаштырууну сунуштаган.

Быйыл январда Израилге сапарында орус президенти Владимир Путин Иссахардын энесине жолуккан. Путин ага кызына ырайым кылуу өтүнүчүн эске алууну убада кылган. Иссахар өзү Путинден ырайым суроодон баш тартып, буга энесинин жана Израил бийлигинин өтүнүчү жетишерлик деп билдирген. Кийинчерээк ал баары бир Путинден ырайым сурап, январдын аягында бошотулган.

XS
SM
MD
LG