Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Стамалиева: Президенттин эки анализи тең таза чыкты


Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада "Белгисиз жоокердин" мүрзөсүнө гүл коюуда. 24-июнь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада "Белгисиз жоокердин" мүрзөсүнө гүл коюуда. 24-июнь, 2020-жыл.

Президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчисин Бишкекке келгенден кийин тапшырган.

“ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, - деди Толгонай Стамалиева.

27-июнда президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана дагы сегиз кызматкер коронавируска чалдыкканы кабарланды.

26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен COVID-19 вирусу табылган.

Жалпы жонунан аппараттын 17 кызматкери илдет жуктурган. Учурда алардын баары обочолонгон, абалдары жакшы. Кызматкерлер аралыктан иштөөнү улантып жатышат. Бул маалыматты президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калды. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Жээнбековдуку таза чыкканы кабарланган.

27-июнга карата Кыргызстанда 309 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул өлкөдө пандемия жарыялангандан берки убактагы эң чоң көрсөткүч. Коронавирус июндун ортосунан тарта күч алды. 17-июнда өлкөдө коронавируска чалдыккан 100 адам катталган.

27-июнга карата өлкөдө жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 4513 адамга жетти.

Пандемия башталгандан бери оорудан сакайгандардын саны 2212 адам. Оорудан каза тапкандардын саны жалпы 46 адам. (ZKo)

XS
SM
MD
LG