Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

HRW: Ашхабад COVID-19ду жашыруу менен элинин саламаттыгын коркунучка кептеди


Ашхабаддагы "Тез жардам" унаасы. Июнь, 2020-жыл.
Ашхабаддагы "Тез жардам" унаасы. Июнь, 2020-жыл.

Эл аралык "Human Rights Watch" уюму Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар болгонун жашырып, элинин саламаттыгын коркунучка кептеп жатканына тынчсызданды.

27-июнда тараткан билдирүүсүндө уюм расмий Ашхабадды өлкөдө коронавирус оорусунун жайылышы жөнүндө маалыматтарды чогултуп, жарыялоону талап кылды. Мындан тышкары билдирүүдө вируска тест аркылуу текшерилүү жолдорун жөнөкөйлөтүп, дарыгерлерге басымды токтотуу талап кылынган.

Уюмдун Борбор Азиядагы жетекчисинин орун басары Рейчел Дэнбер:

“Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу жок деп жашырып жаткан учурда ал мүнөт сайын адамдардын саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Бийлик минтип ооруну жөнсүз жокко чыгарууну токтотуп, тезинен чараларды көрүүгө тийиш”,- деп билдирди.

Түркмөнстан — дүйнө жүзүндөгү коронавирус инфекциясы аныкталбаган аз гана өлкөнүн бири, ал эми Борбор Азия чөлкөмүндөгү жалгыз пандемияга кабылбаган өлкө.

Жалпы дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 10 миллиондон ашты. Оорудан дээрлик 5.5 миллион адам айыгып чыкты. 501 437 адам коронавирус жуктуруп, каза болду.

XS
SM
MD
LG