Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Саясий партиялардын шайлоо тизмеси жөнүндө жобо бекитилди


Парламенттик шайлоодо саясий партияларга добуш берүү. 15-октябрь, 2017-жыл.
Парламенттик шайлоодо саясий партияларга добуш берүү. 15-октябрь, 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу саясий партиялардын БШКга берчү документтеринин формасын бекитти.

БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, саясий партиялар шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга берилүүчү документте талапкерлер тууралуу так маалымат болууга тийиш. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуучу талапкерлеринин Кыргызстандыкынан башка жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат берүүчү форма да бекитилди.

Талапкерлер тууралуу саясий партиялардын тизмесиндеги маалыматтар “Түндүк” электрондук системасы аркылуу текшерилет. Мындан тышкары саясий партиялардын программалары, талапкерлери жана шайлоо фондундагы каражат тууралуу “Талапкер” деп аталган атайын маалыматтык ресурска жайгаштырылат. 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында аймактык шайлоо участоктору тарабынан talapker.shailoo.gov.kg деп аталган убактылуу платформа ачылган.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү башталганча платформа дагы жакшылап даярдалат. Анда парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялар тууралуу кеңири маалымат алууга болот.

Өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл күзүндө өтөт. 26-июндан баштап он күн аралыгында парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгышы керек. Эгер президент шайлоонун мөөнөтү боюнча үн катпаса, бул милдет Борбордук шайлоо комиссиясына өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG