Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 10 миллиондон ашты


Нью-Йорктун көчөсүндөгү официанттар кардарлардын ортосуна коюлуучу айнек тосмолорду жылдырып жатышат. 25-июнь, 2020-жыл.
Нью-Йорктун көчөсүндөгү официанттар кардарлардын ортосуна коюлуучу айнек тосмолорду жылдырып жатышат. 25-июнь, 2020-жыл.

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 500 миңден ашуун адам көз жумду.

Коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү АКШда. Өлкөдө 2,5 миллиондон ашык адам вирусту жуктурган. 125 миңден ашуун киши коронавирус жуктургандан кийин көз жумган.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө COVID-19 вирусун 1,3 миллиондон ашуун киши жуктуруп алган.

Коронавирус жуктургандардын көптүгү жагынан үчүнчү орунда Орусия турат. Бул өлкөдө 634 миңден ашуун адам илдетке чалдыккан. Эпидемия башталгандан бери 9 073 адам көз жумду. Акыркы суткада эле өлкөдө 6791 адам коронавирусту жуктурган. Орус бийлиги коронавирус өлүмүнүн негизги себеби болгон гана учурларды каттайт.

Кийинки орундагы Индияда коронавируска жарым миллион адам чалдыккан. Андан кийин Британияда 311 миңден ашуун адам жугуштуу инфекцияга кабылган.

Жалпы дүйнө жүзүндө дээрлик 5,5 миллион адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG