Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Польшада президенттик шайлоо өтүп жатат


Варшавадагы добуш берүү, 28-июнь, 2020-жыл.
Варшавадагы добуш берүү, 28-июнь, 2020-жыл.

Польшадагы президенттик шайлоодо жекшемби күнү чак түшкө чейин шайлоочулардын 24 пайызы добуш берди. Бул сан 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 10 пайызга көп экенин өлкөнүн добуш берүү тармагын тейлеген расмий өкүлдөрү билдиришти. Шайлоого учурдагы мамлекеттик башчы Анджей Дуда баш болгон 11 талапкер ат салышууда. Алардын арасында аялдар жок.

Сурамжылоолорго ылайык, поляктардын 40 пайыздайы президент Дуданы колдойт. Экинчи орунда баш калаа Варшаванын мэри Рафал Тшасковский турат. Ага шайлоочулардын 30 пайыздайы добуш берери күтүлүүдө. Байкоочулар эки талапкер экинчи айлампага чыгышы мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Улуттук консервативдүү партияны жетектеген 48 жаштагы Анджей Дуда оңчул жана популисттик көз караштары менен белгилүү. Ал өзү бийликте турганда калкка социалдык жардам көбөйгөнүн билдирип келет. Анын атаандашы Тшасковский оппозициядагы либералдык-демократиялык блоктун атынан шайлоого катышып жатат. Ал шайланып калса, Дуданын өкмөтүнүн юстиция тармагындагы талаштуу реформасын жокко чыгарарын айткан. Дал ушул маселе Варшава менен Евробиримдиктин ортосундагы кайчы пикирлерге себеп болгон.

Польшада президенттик шайлоо 10-майда өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган. Өлкөнүн айрым аймактарында калк почта аркылуу добуш берүүдө. Добушканаларда санитардык эрежелер күчөтүлүп, шайлоочуларга өз калеми менен добуш берүү сунушталган.

XS
SM
MD
LG