Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Орусиядагы добуш берүүгө үч күндө 31 миллион адам катышты


Москвадагы добушкана, 25-июнь 2020-жыл.
Москвадагы добушкана, 25-июнь 2020-жыл.

Орусияда Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча жети күндүк добуш берүүнүн алгачкы үч күнүндө жалпы шайлоочулардын 28,5 пайызы добуш берүүгө үлгүрдү. Бул тууралуу 28-июнда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди. Анын айтымында, соңку үч күн ичинде жалпы 110 миллиондой шайлоочунун 31 миллионго чукулу өз тандоосун жасады. Алардын арасында электрондук тартипте добуш бергендери да бар.

Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн дагы 12 жылга узартууга жол ача турган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү 1-июлда жыйынтыкталат. Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, 67 жаштагы Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү эсептелбейт жана ага 2024-жылы жана 2030-жылы өтө турган президенттик шайлоолорго катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурдагы Башмыйзамга ылайык, Путин катары менен үч жолу президент болуп шайлана албайт.

Оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар Орусияны дээрлик 20 жылдан бери президент жана премьер-министр катары башкарып келе жаткан Путин Башмыйзамды өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн гана өзгөртүп жатканын билдирип келишет.

Путин конституциялык өзгөртүүлөрдү ушул жылдын башында сунуштаган жана жалпы элдик добуш берүү алгач 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирустан улам мөөнөтү кийинкиге жылган.

XS
SM
MD
LG