Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Экс-президенттин энеси Салийка Даниярова дүйнөдөн кайтты


Салика Даниярова
Салика Даниярова

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды.

Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун” маалымат кызматы кабарлады.

Маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. 

Жети кыз, бир уулдун энеси.

“Азаттык” радиосунун эмгек жамааты экс-президент Роза Отунбаевага көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

 

XS
SM
MD
LG