Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

«Саясий репрессияга каршылык комитети» Жээнбековду Интернетти чектеген мыйзамды колдобоого чакырды


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын «Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюму президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга кол койбоого чакырды. Уюмдун жетекчиси Адил Турдукуловдун пикиринде, “Эгер Жээнбеков тарыхта сөз эркиндигинин жана жарандык укуктардын муунткучу катары калгысы келбесе, бул мыйзам долбооруна вето коюшу керек”:

“Дүйнөдө манипуляцияга жана фейктерге каршы күрөшүүнүн бир эле ыкмасы бар – биз баарыбыз аудиторияны, анын ичинде ошол эле депутаттарды мадиасабаттуулукка үйрөтүү багытында иштөөгө көңүл бурушубуз керек. Себеби адамдар социалдык түйүндөрдө жана жалпыга маалымдоо каражаттарында көргөн маалыматтын чын-төгүнүн айырмалап биле алгыдай болушу зарыл. Бул иш мектептен жана университеттен башталганы туура”.

Турдукуловдун белгилешинче, Кыргызстанда жалган маалымат жайылткандарды жоопко тартуунун мыйзамдык жолдору ансыз да жетиштүү.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми ал документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына да туш болду.

Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айтып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG