Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

ӨКМ: Аба ырайы өзгөрбөсө, жайлоодогу мал-жанга тоют жеткирилет


Сары-Ташка жааган кар. Алай району. 28-июнь, 2020-жыл.
Сары-Ташка жааган кар. Алай району. 28-июнь, 2020-жыл.

Аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу 28-июнга караган түндө Алай жана Чоң-Алай райондоруна 10-20 см калыңдыкта кар жаады. Мындан улам аталган райондордогу жайлоолордо чабандарга жана мал-жанга кыйынчылык жаралган.

Түзүлгөн кырдаал менен Өзгөчө кырдаал министрлигинин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерине барып, таанышты.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта "Алай районунун Талдык ашуусунун күнгөй тарабындагы Муртаз жана Катмарт аттуу жайлоолордо күн түштөн кийин гана ачылган. Анда Кара-Суу районунун жана Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын тургундары жайлашат. Күн тийген соң, кар эрип, мал жайытка чыккан. Эгерде аба ырайы дагы өзгөрүп, кар жааса, мал жандыктарга тоют жеткирүү маселеси жаралат” деп жазылган.

Синоптиктер 27-28-июнда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болорун, тоолордо кар жаай турганын алдын ала маалымдашкан.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы дээрлик он градуска төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайытта мал кармоону кыйындатары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG