Быйыл «Алтын Тамга» сынагына катышкан 1250 талапкердин ичинен 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин далилдеди. Быйылкы окуучулардын саны былтыркы окуу жылында артыкчылык аттестатын алгандардан 52 окуучуга көп.
Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, "Алтын Тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.
Сынак планшеттер менен, реалдуу режимде ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарын дароо билишти.
2020-окуу жылында Кыргызстандагы орто мектептерди 42 миңге жакын улан-кыз аяктады.(ZKo)