Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

COVID-19: Пневмонияга чалдыккандар үчүн кошумча сегиз жүздөй орун даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өпкөсүнөн кагынган (пневмония) бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жети жай даярдалды. Бул тууралуу 29-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Жети жайда жалпысынан 761 орун бар. Алардын 270и Улуттук госпиталда, "Манас" аэропортунун жанындагы мурда "Ганси" базасы жайгашкан жерде 200, Воронцовка айылындагы Курортология институтунда 120, №1 ооруканада 80, "Темир жолу" ишканасынын ооруканасында 40, Улуттук фтизиатрия борборунда 38 жана Улуттук хирургия борборунда 13 орун.

Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду деген бейтаптардын баарында азыр коронавирус экенин көз каранды эмес адистер айтып жатышат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 29-июнда онлайн брифингде билдиргендей, өлкөдө быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан 54 адам кайтыш болду.

Ал эми коронавирус деген диагноз расмий түрдө 18-марттан 29-июнга чейин 5017 адамга коюлду, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294ү айыгып кетти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG