Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Меркель менен Макрон пандемия башталганы алгач ирет жолугат


Эммануэль Макрон жана Ангела Меркель. 29-июнь, 2018-жыл.
Эммануэль Макрон жана Ангела Меркель. 29-июнь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель 29-июнда, пандемия башталгандан бери алгач ирет жолукканы турушат. Меркель Макронду Берлиндин түндүк ыптасындагы Мезерберг сепилиндеги резиденцияда тосуп алмакчы.

Өткөн айда француз президенти коронавирустан жабыркаган Европанын экономикалык кыйынчылыктан чыгуусу үчүн 500 миллиард евролук жардам фондун түзүүнү сунуштаган.

26-июндагы маегинде Меркель фондду түзүү демилгесин колдогон.

«Мисалы, Италия жана Испания үчүн коронавирус пандемиясы экономикалык, медициналык, анан албетте өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан эмоционалдык жактан чоң мүшкүл болду. Мындай кырдаалда өзүн гана ойлобой, чектен тыш тилектештик акциясына даяр туруусу Германия үчүн туура болот», - деген эле Меркель.

Макрондун сунушу ишке ашышы үчүн Евробиримдик өлкөлөрүнүн колдоосун табышы керек. Маселе келаткан айда Брюсселдеги биримдиктин саммитинде күн тартибине коюлары күтүлүүдө. Шаркеттеги Нидерланд, Австрия, Дания жана Швеция жардам грант эмес, зайым түрүндө болушу керектигин билдирип келишет.

Франция менен Германия еврозона экономикасынын дээрлик жарымын түзгөндүктөн демейде бул эки өлкөнүн тил табышуусу бардык мүчө-өлкөлөрдүн макулдугуна алып келет.

XS
SM
MD
LG