Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Ош шаардык мэриясынын имараты дезинфекция болду


Ош шаардык мэриясынын имараты.

Ош шаарында коронавирустун алдын-алуу максатында бир катар мекелемерде жана коомдук жайларда дезинфекциялоо иштери жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалыматында 29-июнда шаардагы ири базарлар, үч мечит, төрт бала бакча, беш банк, эки май куюуучу жай, үч аялдама, төрт эт сатуучу жай, 18 кичи дүкөн ошондой эле Ош облустук администрациясынын жана Ош шаардык мэриясынын имараты толугу менен дезинфекция болду.

Буга чейин Ош шаардык мэриясынын алты кызматкери COVID-19 жуктуруп алганы аныкталган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматында шаар боюнча 29-июнга чейин 650 киши коронавирус жуктуруп алган. Алардын 196сы айыгып, алтоо каза тапты. (DU)

XS
SM
MD
LG