Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

УКМК: Атамбаев пневмония диагнозу менен догдурга жаткырылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев стационарга жаткырылды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, 29-июнда Атамбаев саламаттыгына даттанган. Ошондон улам коронавируска ПЧР анализ тапшырган. Анализдин жыйынтыгы Атамбаевде коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Ошол эле күнү дарыгерлердин онлайн консилиуму түзүлүп, Алмазбек Атамбаевге “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” (“внебольничная двухсторонняя пневмония”) деген диагноз коюлуп, мурдагы президентти стационарга которуу чечими кабыл алынган.

УКМКнын маалыматында Алмазбек Атамбаев акыркы жумада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардын кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.

Маалыматта: “Расмий маалыматтарга караганда Атамбаевдин вирустун айрым белгилери байкалган адвокаты Замир Жоошев Ысык-Ата аймактык ооруканасында COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан тууганы менен байланышта болгон” деп жазылган.

Бул маалыматты тактоо үчүн адвокат Замир Жоошевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Дагы бир жактоочусу Виктор Слесарев “Азаттыкка” Алмазбек Атамбаевдин стационарга которулганын ырастап, бирок кайсы ооруканага жаткырылганынан кабары жоктугун билдирди.

УКМК ошондой эле коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында тергөө абагында кармалгандарга жакындары менен жолугушууда аралыкты сактап, айнек тосмо аркылуу сүйлөшүү сунушталганын белгилеген.

УКМКнын тергөө абагы санитардык талаптарды бекем сактоо менен штаттык режимде иштеп жатат. Кызматкерлердин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

23-июнда райондук сот Алмазбек Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул айыптоолордун бардыгын саясий буюртма катары баалап келатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG