Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:31

COVID-19: Вице-премьер-министр жана төрт министр обочодо иштеп жатат


Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат. Бул тууралуу 30-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта анын ПЧР анализинен коронавирус инфекциясы табылганы, оорусу жеңил өтүп жатканы айтылды.

Вирус жуккандар менен байланышта болгону үчүн өкмөттүк аппараттын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов обочолонуп иштеп жатышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жогорудагы жетекчилер бүгүн парламентте өтө турган ант берүү аземине катышпай турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин колдоосуна жана президенттин жарлыгына ылайык Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке 17-июнда киришкен. Буга чейинки өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда жазган. Аны радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электиги менен негиздеген. Президент Абылгазиевдин арызын жана өкмөттүн отставкасын 16-июнда кабыл алган.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемендик тарыхында ушуну менен өкмөттүн 31-курамы ант бергени жатат. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG