Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Президент Жээнбеков: Азырынча кайрадан карантин киргизүүгө барбайбыз


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында. 2020-жылдын апрель айы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында. 2020-жылдын апрель айы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, "азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар" деп, кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эместигин белгиледи.

Ошол эле мезгилде президент өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды:

“Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”.

Президент ошондой эле өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатканы белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык деп атады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жалпы элди коронавирус илдетинен сактанууга, медицина жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринин күнү-түнү иштеп, кылган аракеттерин сыйлоого чакырды.

Бүгүн, 30-июнда өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант берди. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

30-июнга карата Кыргызстанда 279 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 5296 адамга жетти. Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алгандан кийин 7 киши каза болду. 29-июнга карата каза болгондордун жалпы саны 57 кишиге жетти.

Стационарда – 721 киши бар, алардын 23ү реанимацияда. Үй шартындагы изоляцияда 2148 адам бар. 2 370 адам айыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG