Польшада жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчысы Анджей Дуда биринчи орунду алды. Бирок жеңиш үчүн жетиштүү 50% ашык добуш топтой албагандыктан, экинчи тур 12-июлга белгиленди.
Оңчул-популист Дуда 43,5% добуш жыйнаган. Ал эми борбор калаа Варшаванын мэри, либерал Рафал Тшасковский 30,5% менен экинчи турга чыкты.
Коронавирус пандемиясына карабай шайлоочулардын 64,4 пайызы добуш беришти. Бул 1995-жылдагы президенттик шайлоодон берки эң жогорку көрсөткүч.
Дуда өзүн социалдык саясатты ийгиликтүү жүргүзүп жаткан, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоого умтулган саясатчы катары таанытып келет. Пандемиянын кесепетинен жаралган экономикалык кыйынчылыктардан улам анын рейтинги акыркы айда түшүп кеткен.
Оппозициядагы Тшасковский «күчтүү өлкө, күчтүү демократия үчүн күрөшүүгө» убада берген. Ал Дуданын башкаруучу партиясынын соттук реформаларынын айынан келип чыккан Евробиримдик менен талашты да жөнгө салуу тууралуу максаттарын айткан.